Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.
SUPER.KG порталынын "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди.
Ал кадрдык кризис эгемендүү мамлекет болгондон бери эле башталганын айтты.
"Бул көрүнүш көнүмүш адат болуп калды. Себеби бизде кесипкөйлөрдү жумушка коёюн деген ой эч кимде жок. Жакынын, таанышын же акча берген адамды кызматка алып келишет. Азыркы учурда кадрлар табылбай жатса, демек, ар кайсы күчтөрдүн талаш-тартышы болуп жаткандыр. Башка тармакта иштеген адамдарды эле алып келип кызматка койгон учурлар көп. Бир убакта Геология жана минералдык ресурстар агенттигине милиция кызматында иштеген адам жетекчи болгон. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин юрист, математик башкарган. Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнүн келечегин ойлогон адамдар жок болуп калды", - дейт Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Аалы Карашев, Эмил Токтошев, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, саясий серепчилер Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.