Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.
SUPER.KG порталынын "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жооп берди.
Ал өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына жаңы кадр алып келсе туура болорун айтты.
"Менимче, өкмөттө кадрдык кризис бар. Акыркы дайындоолор элдин купулуна толбой жатат. Транспорт жана жолдор министри кызматына кадрды сырттан алып келиш керек. Анын менеджер болуусу шарт. Системдин ичинен кадр алып келсе, өкмөт дагы жаңылат. Ал эми министрдин орун басары кызматына ушул тармакты түшүнгөндөрдү койсо туура болот ", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Ирина Карамушкина, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, саясий серепчилер Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.