Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев: "Бизде кадр саясаты реформага муктаж"

Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген соболуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев жооп берди. Анын пикиринде, транспорт тармагында ишенимдүү кадрлар жок.

"Албетте, транспорт тармагында кадр жоктугу билинет. Министр деген менеджерлик, саясатчылык сапатка ээ болушу керек. Министрлик деген чоң түзүм. Аны башкарып насыя, грант табышы керек. Транспорт жана жолдор министри кызматына буга чейин дайындалбаганына караганда кадр таппай жатса керек. Дегеле өлкөдө кадр кризиси болуп жатат. Казакстан атайын программа менен кадрларды даярдап келет. Алгач жаштарды чет өлкөгө окутуп, майда кызматтарда өстүрүп, анан министрликтерге коёт. Бизде андай жок. Кадрдык резерв бар, бирок алардын билими кандай? Бул да маселе. Бизде бул саясат реформага муктаж", - деди Чакиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Аалы Карашев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчилер Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан