Депутат Ирина Карамушкина: "Азыр кадрдык ачкачылык жана жөнү жок кызмат алмаша берүү болууда"

Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.

Ал кадр саясаты системдик түрдө иштебей жатканын белгилеп, кызматка дайындоолордо баш аламандык болгонун айтты.

“Бизде мамлекеттик кызматка кадрлар системдик түрдө таптакыр эле даярдалбайт. Мамлекеттик кадр кызматы ар кандай сынактарды, тестирлөө өткөрүп келишет. Бирок мен сабаттуу, жоопкерчиликтүү балдардын кайсы бир этаптардан өтпөй, таанышы барларды кызматка алышканын билем. Ким кимдин досу же таанышы деп баш аламан түрдө тандап, кызматка дайындашат. Бирок ал иштеп кете алабы? Кайсы бир тармактын жетекчисин дайындоодогу баш аламандык өлкөнү туңгуюкка алып келет. Кесипкөй адистин жеке пикири, көз карашы болот. Ал өзүнө дасыккан эксперттерден команда чогултат, жалкоолорду четтетет. Бирок бизде андай адамдарга эркиндик беришпейт. Жөн гана баш ийип, көрсөтмөлөрдү аткара тургандарды издешет.

“ХХI кылымдын кадрлары” деген программа ишке киргизилип, жөндөмдүү балдарды чет өлкөгө жөнөтүшкөн. Эми алар кайда? Бул жакта бюрократиялык капкандан улам азыр алар же жеке секторлордо, же өлкөдөн чыгып кетишти. Мага жакында эле бир аял кайрылып, уулу чет өлкөдө билим алып Кыргыз жеринде финансист болуп ишке орношо албай жатканын айтты. Билимдүү, жоопкерчиликтүү, пара албайт, бирок андайларды жумушка алышпайт да. Кайсы бир тармакка жетекчи издеп жатканда ошол тармакты билген адамды караган туура. Ошол жакта иштегендер деле ким татыктуу экенин билишет. Мында да алардын пикири эске алынбайт. Түрк окуу жайларын бүткөндөр кайда? Мамлекеттик түзүмдөрдө аларды жолуктурбайсың, анткени билимдүү балдар айына 15 миң сом алып иштегиси келбейт. Башкача айтканда, азыр кадрдык ачкачылык жана жөнү жок кызмат алмаша берүү болууда”, - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, саясий серепчилер Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан