Трамп Давосто өтө турган бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга баруудан баш тартты

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу иштеринин алгачкы баскычына 5,7 миллиард доллар сураган. Ал чек ара дубалын тургузуу үчүн демократтын лидерлери менен жолуккан. Бирок алар менен жолугушуудан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ошол себептен Трамп Давосто өтө турган бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга баруудан баш тарткан. Бул тууралуу АКШ президенти Twitter социалдык баракчасына билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Трамп менен Конгресстеги демократ лидерлер дубал куруу боюнча кайчы пикирде.

"Мексика менен чек ара дубалын курууда Конгресстеги демократ лидерлери менен көз карашыбыз туура келбейт. Ошондуктан мен Давосто өтө турган дүйнөлүк экономикалык форумга катышпайм. Ал эми уюштуруучулардан кечирим сурайм", - деп жазган Трамп.

Трамптын Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоорун өкүлдөр палатасы колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда.

Шайлоо учурунда Трамп дубалды курууга кетүүчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Долбоордун жалпы суммасы 20 миллиард доллардан ашуусу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан