Түркия менен Түштүк Корея желим баштыктарга "согуш" жарыялады

Түркия менен Түштүк Корея желим баштыктарга "согуш" жарыялады. Аталган мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Түштүк Кореяда желим баштыктарды эт жана балык үчүн гана колдонууга уруксат берилди. Ошондой эле кагаздан же кездемеден жасалган баштыктар гана пайдаланууга жарактуу экени айтылды. Аталган эрежени бузган адамга 2,6 миң доллар айып пул салуу каралган.

Ушул сыяктуу эреже Түркияда да 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирди. Эми аталган өлкөдө желим баштык сатыла баштайт. Учурда Түркия бийлиги альтернативдүү баштыктарды сунуштоодо. Бул демилгени президент Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган көзөмөлдөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Skarlett-Skarlett
2019-01-11 15:12:46
Туура идея экен.Таштанды да азайып калмак,экологияга кошкон чон салым.
0
Wold
2019-01-11 16:56:29
Эң туура, себеби бул желим баштыктарды таштандыга таштасаң норма жатпайт ар жака учуп өтө жеңил, же чирип кетпей жата берет экен ар жерде көрктү бузуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан