ЖМК: "Миллиардер Жефф Безостун ажырашуусуна анын актриса менен болгон мамилеси себеп болгон"

"Дүйнөнүн эң бай адамы, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун ажырашуусуна анын актриса менен болгон жакын мамилеси себеп болгон". Мындай маалыматты чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, Безос журналист, теле алып баруучу, ишкер, актриса жана продюсер болуп иштеген 49 жаштагы Лорен Санчес менен болгон жылуу мамилесинен улам аялы менен ажырашууну чечкен.

"Лорен менен Жефф 2018-жылы бирге көп убакыт өткөрүшкөн. Алгач алар салтанаттуу кечелерде жолугушкан. Кийинчерээк жакын мамилеге өтүшкөн", - деп жазышат басылмалар.

Маалыматка караганда, Безос менен Санчести Amazon компаниясынын кечесинен жана "Алтын глобусту" тапшыруу иш-чарасынан да бирге көрүшкөн.

Безос учурда 54 жашта. 160 миллиард доллар мүлкү менен дүйнөнүн эң бай адамы деп табылган. Эң кымбат жана таанымал Amazon интернет компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы. Ал жакында эле 48 жаштагы аялы Маккензи Безос менен ажыраша тургандыгын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tina-Tin
2019-01-11 15:17:34
Лорендин бут жери жасалмаго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан