Кытайда 20 жыл мурда каза болгон кыздын сөөгү уурдалды

Кытайдын Хэбэй провинциясында мындан 20 жыл мурда каза болгон кыздын сөөгү уурдалды. Чет элдик басылмалар маркум 18 жашында каза болгонун жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, маркумдун сөөгүн мүрзөдөн казып алып, уурдап кетишкен. Кыздын туугандары анын сөөгүн каза болгон адамга турмушка берүү үчүн уурдап кеткенин айтышкан. Себеби 20 жыл мурун кыздын сөөгүн жерге берүүдө эч кандай баалуу буюмдар коюлган эмес. Ошондой эле бир канча ай мурун бейтааныш адамдар кыздын жансыз денесин сурап, ал үчүн акча сунуштаган. Бирок маркумдун ата-энеси бул сунуштан баш тарткан.

Айта кетсек, Кытайда өлүктөрдүн үйлөнүү тою деген ырым бар. Бул ырым маркумдар тиги дүйнөдө жалгыз болбой, түгөйү менен болсун деген максатта жасалат. Бирок маркумдарды үйлөнтүү алардын жакындарынын уруксаты менен болот. Көпчүлүк учурда үй-бүлө курууга үлгүрбөй көз жумгандардын жакындары каза болгон кыздардын сөөгүн сатып алышат. Айрым учурда каза болгон кыздардын баасы 10 миң долларга чейин жетет.

Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
molorbaev
2019-01-11 10:40:57
Ырымын менен жерге кир.
+13
Kyrgyz_bloger
2019-01-11 10:54:16
Кытайлар жапайы канибал келишет экен го
+5
bond02
2019-01-11 11:09:09
Эмнеге эле кытай коп десе булар олгондон кийин деле семья кура беришет турбайбы.
+36
Begimkyz.
2019-01-11 11:14:09
bond02,)))
+2
Mikra
2019-01-11 16:00:52
bond02,жардынгооо акылына береке.
+1
Bars88
2019-01-11 12:03:59
Сулуулары кымбат турат экенби.Же олгондон кийин бирдей эле болот бекен
+4
Chungyz
2019-01-11 12:55:08
Кудай сактасын кытайлардан
+1
Aikaaaa
2019-01-11 13:15:58
Булардын өлгөн кыздары анча мынча тирүү кыздардан кымбат экен го. Кытайлар деле аркы дүйнөдөгү жашоого ишенишет экен да
+5
Batma08
2019-01-11 14:01:35
Тооба кызык экенго
0
Gulnyr19
2019-01-11 14:55:49
Алып барып эмне кылат аны
+1
Mikra
2019-01-11 16:02:24
Gulnyr19,союп жейтда не кылышмак эле.бул ит кытайлардын кылганы жок
-2
ziash85
2019-01-11 17:33:15
Mikra,кайсы этин жемек эле,өлгөнүнө 20 жыл болсо ?
+2
Paprikafm
2019-01-11 18:42:25
Тооба кылдым. Үйлөнтүп койсо эле аркы дүйнөдө чогуу жашап калаткансып кызык эле,
+1
Nevestkaa
2019-01-11 22:32:05
Бизде өлдүң өчтүң деп коет го,буларда өлсө деле өчпөйт экен да.
+1
Helina
2019-01-11 23:32:23
Қытай десе эле ачуум келчу болуп калды акыркы кундорду. Албетте баары жаман эмес бирок кобу эле мыкаачы.
0
bakulya2015
2019-01-12 00:10:26
Эх тооба. Баарына ыйман ынсап берсин.
0
tyrgon
2019-01-13 13:36:12
Мыкачы калк экен булар бая куну карасам тируулой торпокту куйкалап жатышат каткырып кулуп ээ ушундай кайдан ьолсун деп ичимен окундум байкуш торпок сезьей деле калганго.
+1
Avrora2017
2019-01-14 05:48:36
Эми биздикилерда чыкпагыла туурап, ненормальныйлар копда жашоодо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан