Америкалык окумуштуулар тиштердин арасын тазалоочу жиптин зыяндуулугун изилдеп чыгышты. Мындай маалымат "Nature" журналына жарыяланганын жазышат чет элдик маалымат каражаттары. Тиштерди аралатып тазалоочу жиптердин курамына уулуу зат кошулат дешет алар.
"Аталган жипти өндүрүүдө май жана сууда үзүлүп кетпей бекем болушу үчүн атайын каражат колдонулат. Ал каражат уу бөлүп чыгарары аныкталган. Аталган зат бөлүп чыккан уу тирүү жандыктын денесинде же кайсы бир бөлүгүндө топтоло берип, жыйынтыгында ден соолукка зыян келет. Тактап айтканда, иммундук системдин начарлашына, жыныс органдарына жана бөйрөккө таасирин берип, тукумсуздукка чейин жеткирет", - деп жазылган журналга.
Тиш тазалоочу жипке кошулуучу каражатты башка дагы желим идиштер сыяктуу нерселерге кошушат. Окумуштуулар мындай нерселердин алтоосун колдонгон 178 аялдын жашоосун иликтешкен. Алар 3 жыл ошол нерселерди колдонгондон кийин кайрадан медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Ошондой эле жашоо тиричиликте жогорудагы нерселердин бирин да колдонбой жашагандар менен салыштырышкан. Жыйынтыгында биринчи топтогу аялдардын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар экени байкалган.