Кара-Суу шаарынын Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылындагы фельдшердик-акушердик пунктта (ФАП) медицина кызматкерлери талапка жооп бербеген шартта иштеп жатышат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Бери жакта кош бойлуу келиндерди каттап жана анализдерин алып, бейтаптарга ийне сайып жатышат. Ошол эле бөлмөнүн бир башында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Мындай оңдоп-түзөө иштери болуп жаткан учурда кабыл алуу бөлмөсүн башка жакка көчүрүп турушса болмок. Медициналык спирт, бинт, иштетип жаткан кебездеринин үстүлөрү ачык. Ал жакка бырыксыган чаң келип жатат. Шприцтерге дарыларды сордуруп коюшкан, аны келгендерге сайып жатышат. Медициналык мекемеде полду жылтырата саат сайын жууп, инфекциялардан тазалап туруу керек да. Бул жактын полун айтпай эле коёюн. Баарыбыздын эле шаарга барып каттоого турганга шартыбыз жок. Айылда ФАП тургандан кийин кайда бармак элек?", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.