Америкалык легендарлуу ырчы Элвис Преслиге тиешелүү буюмдар аукциондо сатылды

Легендарлуу америкалык ырчы, актёр Элвис Преслиге тиешелүү кийимдер жана баалуу буюмдар аукционго коюлган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалым болгондой, аталган аукционду Преслинин мураскерлери анын туулган күнүнүн урматына уюштурушкан.
Аукциондо ырчынын кызыл түстөгү вельвет көйнөгү 37 миң 500 долларга сатылган жана ал эң кымбат сатылган буюмдардын сап башында турат. Бул көйнөгүн ырчы 1956-жылы туулган жеринде өткөргөн концертинде кийген. Андан сырткары ырчынын бриллианттары бар алтын шакегин 30 миң долларга сатышкан. Бул шакекти Элвис Пресли концерттерине көп тагынып, кийин атасына белекке берген.
Элвис Преслинин сахналаш кесиптеши Жон Самнерге белекке берген шакеги 22 миң 500 долларга сатылган. Элвис Преслиге тиешелүү буюмдар жалпысынан 600 миң долларга сатылган.
Ырчы 1977-жылдын 16-августунда 42 жаш курагында көз жумган. Ал тирүү болгондо быйыл 84 жашка чыкмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан