Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды.
SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова жооп берди.
Эл өкүлү коомдук транспорттун элге болгон тейлөөсүн жакшыртпай туруп бааны көтөргөн туура эмес экенин билдирди.
"Коомдук транспорттун элге болгон тейлөөсүн жакшыртпай туруп, жүйөсүз бааны көтөргөн туура эмес. Өкмөт, шаар мэриялары элге шарт түзсүн, андан кийин жол кирени көтөрүү маселесин карасын. Бишкек мэриясы жакында 50-60 автобус сатып алды, аны менен эмне чечилмек эле? Бюджетти карап отура берсек, 50 жылда да автобус, троллейбус менен шаарды толук камсыз кыла албайбыз. Мэрия өкмөттү карап отура бербей чечиши керек.
Мен өкмөткө чечүүнүн 2 жолун сунуштадым: Биринчиси, Түркиянын автобус чыгаруучу заводу биздин Кыргыз мамлекетине кандай товар, айыл чарба продукциясы болбосун автобуска алмашуу түрүндө иштегенге даяр экенин билдиришкен. Экинчиси, транспорт тармагында тейлөө көрсөтүүчү жеке компанияларга арзан кредит таап берип, коомдук транспортторду алып бериши керек. Ошондой эле аларды бажы төлөмүнөн бошотуп, салык жана ар кандай жеңилдетүүлөрдү берүү зарыл. Мына ушундай жардам менен жеке компаниялар коомдук транспорт маселесин чечишмек. Дүйнө жүзү инфраструктура маселесин ушул жол менен чечип жатышпайбы. Тилекке каршы, эки сунушка тең эч кандай реакция болгон жок", - деди Мавлянова.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Улук Кыдырбаев, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.