Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды.
SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна журналист Турат Акимов жооп берди.
Ал өкмөт азыркы күндө эски нукта иштеп жатканын айтты. "Экономика өнүкпөй, бюджеттеги акча жетишпей, өкмөт башчылар бюджеттен тышкары ар түрдүү кыйытма төгүмдөргө көңүл бурбай, ар кандай айып пулдарды, туумдарды көбөйтө бергени кадимки адат болуп калган. Өкмөттөгүлөр башкача чечимдерди жарата албай, эски нукта иштеп жатышат. Экономикалык реформалар көрүнбөйт. Баягы эле элге жүк көбөйөт".
Тийиштүү шарттарды түзүү үчүн өкмөткө эмне жетишпей турганы тууралуу сөз кылып: “Кенен көз караш жетишпейт. Өздөрүнүн бюджеттин үстүндө отурган финансылык кызыкчылыгынан аша албай калгандар бар. Акчалуу булактардын баары олигархтарга байланыштуу. Алардын баары Жогорку Кеңеште, өкмөттө отурушат. Алар өздөрүнүн булактарына запкы тийбешине кызыкдар. Запкынын баары жөнөкөй элге тийип калат. Алар өз кызыкчылыктарын буза албайт, анткени аларга дагы киреше түшүп турушу керек. Ошон үчүн өздөрү отурган булакты кеспейт. Себеби бизде мыйзам чыгаруу жаатында олигархтардан түзүлгөн парламент иштеп жатат", - деди Турат Акимов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Махабат Мавлянова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Улук Кыдырбаев жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.