Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды.
SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди. Ал бийлик алгач жарандарга шарт түзүшү керек дейт.
"Коомдук транспорттун жол акысын жогорулатуу туура эмес. Биринчи шарт түзүп, каттамдарды жөнгө салыш керек. Жарандардын айлыгын, пенсиясын жогорулатуу зарыл. Айып пулду, ушул сыяктуу тейлөө акыларын көтөрө берген болбойт. Маршруттук унааларды азайтып, автобустарга өткөрүү мэриянын иши. Жакында жаңы техникаларды сатып алабыз деп жатышат го. Жеңил акча табуунун жолу деп эле ушул сыяктуу алымдарды көтөрө бербеши керек. Себеби мындай кадам социалдык чыңалууну күчөтөт", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Махабат Мавлянова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Улук Кыдырбаев, журналист Турат Акимовдун жообу бул шилтемеде.