Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды.
SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна коомдук ишмер Эмил Үмөталиев жооп берди.
Анын айтымында, коомдук транспортторду бөлүштүрүүдө атаандаштык болсо көп маселе чечилет.
"Учурда коомдук транспорттор бөлүштүрүлгөн жерде ачык-айкындуулук жетишпейт. Маршруттук каттамдарды бөлүштүрүү процесси ачык, атаандаштык менен болсо көп маселе чечиле баштамак. Эл ташый турган транспортторго тендердин сынагын шаардын жашоочулары да көзөмөл кылса жакшы болмок. Ошондой эле ал тендер сынактары жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында онлайн болушу зарыл", - деди Үмөталиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Махабат Мавлянова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Улук Кыдырбаев, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.