Американын Висконсин штатында кыштын ызгаарында жол боюнда жылаңаяк, жалаякчан кетип бараткан 2 жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, окуя Милуоки шаарында орун алган. Анда шаардын ичинде каттаган автобустардын бирин айдаган аял жүргүнчүлөрдү ташып баратып жол боюнда жылаңаяк кетип бараткан кызды көргөн. Болжол менен 2-3 жаштагы наристенин үстүндө жайкы футболка гана бар болгон. Аны байкаган айдоочу аял автобусту дароо токтотуп, жолдун аркы бетине чуркап өтүп, кызды автобуска көтөрүп келген.
Наристе катуу үшүп калган, жүргүнчүлөрдүн бири кызды орогонго өз күрмөсүн чечип берген. Андан кийин айдоочу аял бул тууралуу полицияга кабар берип, кызды бооруна кысып, күрмөгө ороп жылытууга киришкен. Кичине жылынган наристе полиция кызматкерлери келгиче бир уктап ойгонгон. Кийин кыз полиция кызматкерлерине өткөрүп берилип, айдоочу өз ишин уланткан.