Аваз Акимов: "Келечекте үй-бүлөлүк бюджетке пайда болсун деп Айдана Декага сулуулук салонун белек кылдым"

Ырчы Аваз Акимов сүйүктүүсү, ырчы, бийчи Айдана Декага сулуулук салонун белек кылды. Салондун ачылышы бүгүн, 13-январда өттү. Ал Бишкек шаарында жайгашкан. Салон ачып берүү идеясы кантип жаралып калды деген суроо менен ырчы жигитке кайрылганыбызда, Айдана Дека көптөн бери өзүнүн сулуулук жайын ачууну кыялданып жүргөнүн билдирди.

"Ал кесибине байланыштуу ар кайсы салондорго барып боёнуп, керектүү кызматтардан пайдаланып жүрдү. Ошондой учурда "менин өзүмдүн салонум болсо" деп айтып калчу. Ал кыялын эске алып койгон элем. Ойлонсом салон ачсак кийин, Кудай буюрса, үй-бүлөлүк бюджетке да пайда болчудай.
Мындан улам өткөн жылдын октябрь айында салон ачып берем деп убада кылгам. Айдана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын көргөн, бирок мынчалык бат бүтөрүнө ишенбесе керек. Андыктан бүгүн абдан кубанды. Мен сулуулук дүйнөсүндөгү иштерди көп түшүнбөйм, салонду Айдана өзү иштетет, абдан мээнеткеч, жолго коюп кетерине ишенем", - деди ырчы мырза.

Өз кезегинде Айдана Дека көптөн берки кыялын сыйкырчыдай орундаткан сүйүктүүсүнө ыраазычылык билдирди.

Аваз Акимов менен Айдана Дека кыз-жигит мамилесинде экенин өткөн жылы ырчы бийкечтин туулган күнүндө ачыкташкан.


кошулду
Аваз Акимов сүйүктүүсү Айдана Декага сулуулук салонун белек кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Modric10
2019-01-13 23:43:34
Аваз шашпасанчы коп.озун бил го бирок кайдан кордум кара эшек деген.кеп бар эле
+5
salimbek87.kg
2019-01-14 00:12:46
Айдананын кыялын орундатыпсын ата эненин кыялын орундатынбы? Аваз
+14
Zaina
2019-01-14 00:14:29
Молодец, Айдананы аябай каттуу суйот экен, баардык эркек улгу алып жубайларынарга кичинекей болсо да белек берип конулун алып турасынар деп ойлойм. Ажырашып кетиптир, тигинтиптир дегендин ордуна сонун жанылык. Баардыгы эле аялдарынын ойлорун угуп ошону аткарып турса, кыз келиндер оздорун бактылуу сезет деп ойлойм.
+7
Busi06
2019-01-14 04:52:37
Zaina,сага Дуйно байлык болсо болду окшойт э? Пака булар турмуш Кура элек... Эмне болушуну эми убакыт корсотот го уйлоно элек эле подкаблучник болгон туура эмес
0
Zaina
2019-01-14 05:53:11
Busi06,ооба, мага дуйно, байлык, саякатто, бактылуулук болсо эле болду, эмне мынча куйосун? Бул подкаблучник эмес, менимче истинный джентльмен. Ар бир эркек ушул баладай болсо кыздар, келиндер Россиялап талаалап журбойт эле, уй буломду багам деп. Бизде келиндерди кулдай корушот, эч баркы жок. Ошонун эмнеси жакшы?
+3
Lukman-Hakim
2019-01-14 06:06:51
Zaina, өзбекстандын келиндерин кандай жүргөгүн көрсөң биздин келиндер алардын жанында "королева".

Кудайга шүгүр десеңер!
-7
Alia82
2019-01-14 09:46:18
Lukman-Hakim,жакшылардан улгу алып жашасан, жамандан улгу алсан оспойсун
+1
Lukman-Hakim
2019-01-14 10:58:46
Alia82, Шүгүр десең, Силерге не жетишпейт келиндер?
-7
Zaina
2019-01-14 20:06:31
Alia82,ошол да.
-1
Busi06
2019-01-14 15:16:55
Zaina,Ар семья ар башкача баары эле сенин семьяндай эмес,кул болбош учун 1чиден озун аракет кылышын керек эле башында,Сен кул эмессин куйоондун колунда иштесен балдарындын келечеги ЖАШООСУ учун иштеп жатасын,сен алжерге эмнеге баргансын кайнэне кайнатага кызмат кылуу учун баргансын, эртен сенин келининда мен кул болуп жатам деп эле кечке наалый берсе кандай коз карашта болосун? Кара жумушта иштегин келбесе,Жогорку окуу жайда окуп иштеп анан турмушка чыгышын керек эле
-2
Zaina
2019-01-14 20:12:17
Busi06,мен сага кулмун деп качан айттым? Биринчи окуп туруп жооп берчи. Мен турмушка чыга элекмин, окуумду Америкада бутуруп ушул жерде иштейм жана жашайм. Кудай сактасын кул болгондон, мен бул жердеги форумдарды окуп турам. Ошондо, биздин келиндердин канча жумуш кылбайын, баары бер кобунчо кайнене же кайын синди жаман коруп тураарын баардык жерден окугам. Ошого айтып жатам, биздин кыз келиндерди барктабайсынар деп. Бул жакта жашап булардын кыз келиндерин аябай барктаарын кордум.
-1
Avrora2017
2019-01-14 16:02:41
Zaina,кошулам 100 %
-1
Nur777
2019-01-14 00:15:15
Аялзатын сыйлаган жакшы,бирок шашылган жоксунбу иним?Менин оюмча мындай чоон белекти бул кызга уйлонуп,ал ата-энене ысык чайын берип,ийилип кызматын кылып,таттуу наристе тороп бергенден кийин кылсан туура болоор беле дейм...
+7
jike
2019-01-14 00:20:00
Биринчи Ата эненди ушинтип ыраазы кыл. Бул жубайын эмеско Али. Азыр ушундай кыласын уйлонгондон кийин кандай болор экен
+7
Kanzada97
2019-01-14 00:48:20
Аваз аша чаап кеттиго дейм.... Кудай сактасын чанып кетпеселе болду бир кун.
+8
ilgiz-kg01
2019-01-14 03:49:08
Молодец молодец молодец
-2
555-777
2019-01-14 04:51:38
Байкуш апана водонагреватель автомат стиральная машина коюп бердин беле? Же дагы эле муздак сууга жууйбу же от жагып суу ысытабы?
+9
salihalady
2019-01-15 13:02:26
555-777,Айылдагы үйүнүн акыбалын көрдүк,дешевый ремонт кылып койгон. Азыр тоолуктар деле бүт шарттарды түзүшүп,заңгыраган үйлөрдө жашашат.Авздын акылы болсо биринчи ата-энесине шарт түзүп бермек.
+1
Busi06
2019-01-14 04:57:41
Кыска нуска соз менен айтканда,Аваз сен бул максаттарын ды койо туруп ошол акчага 1чи уйлонбопсун,анан эми озун билесин го бирок 1чи очурет Ата.Эненин кыялдарын ишке ашыруу болуп эсептелет, ошол акчан батпай жатса АтаЭненди Мэккеге жибербейт белен? АтаЭнендин уйун жанылабайт белен? Уйлонбойт белен 1чи?Зачем ала элек кызга антип жатып, чынын айтканда Айдана сага пара эмес, женил желпи кызго, кантип сен ошого башын айланып калды тан калам да боорум ооруп!
+8
Nevestkaa
2019-01-14 09:44:10
Аялдыка алып 5-6ны төрөтүп анан алып берсең жарашмак.Айтса айтпаса башкача бурулуш болуп кетип бирге болбой калсаңар кантесиңер,алдыны эч ким көралбайт эмеспи .
+4
Aikan1966
2019-01-14 10:10:05
Туура айтышыптыр,уйлоно элек суйгон кызына биринчи ушунча белек кылбай,биринчи ата-энендин уйун ондо,эртен ХХХХХ бут сенин чыгармачылык тобун ошол жакка барып уйун коруп сага айтат кычырабай ХХХХ деп.ата -энене белек кылып супер инфо бетине алып чык,ХХХХХ умрага жонот,уйлон акча топто,жазгандарындай биринчи устатын экинчи атан Сыймыкка барып ыраазычылык ал,бул кундор тез отот,Мирбек Иманбердиевдей эртен айылга барсан зангыраган уйго баргыдай бол,эсине кел,уйлон,оор тийсе кечир.
+5
Skarlett-Skarlett
2019-01-14 10:20:16
Пландаштырып жатышат экен да бюджетин да.Туура эле деп ойлойм,ата-энесине да жакшы,киреше кирип балдары кыйналбай оздорун эптеп кетишсе.Тойго чейин балким коп киреше табышаар.Эн негизгиси бул пиар туугандар,Аваз Озгондун кулуну,Озгондуктор ата-энесин биринчи орунга коюшат.Бакыт,Ийгилик,Ден-Соолук!!!
+4
barakcha
2019-01-14 11:38:43
Ата-эне ыраазы,Алла ыраазы.
Айдана ыраазы,Аваз ыраазы!)
+2
Modric10
2019-01-14 14:54:40
Аваз башка кыз таппадынбы.тандоо деген сенде ото пас экен
+1
Avrora2017
2019-01-14 16:01:24
Кудай сакта олуп кала жаздадынарго силердин бирдеменер кетип аткансып, алып берсе озу билет да эми, баарынар акылдуу болуп кеткенсинерби же жон эле бир короалбастыгынарбы
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан