Трамп: "Мексика менен чек ара дубалын куруу кылмыштуулукту азайтат"

"Түштүк чек менен дубал куруу - бул кылмыштуулукту азайтат. Биздин мамллекетке кирген баңгизаттардын жана туура эмес дары-дармектердин кирүүсүн оңой токтото алабыз", - деп АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык түйүндөрдө билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Трамп Мексика менен чек арага дубал куруу тууралуу маселе оң жагына чечилбей келе жатканын айткан.

Президент Мексика менен чек арага дубал тургузуу иштеринин алгачкы баскычына 5 миллиард 7 миллион доллар сураган. Анткени ал шайлоо учурунда дубалды курууга кетүүчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Чек ара дубалын курууга 20 миллиард доллардан ашык каражат керектелиши мүмкүн.

Ал эми Трамптын мындай сунушуна сенаттагы демократтар каршы болуп, тиешелүү каражат бөлүнбөй келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан