АКШнын Самнер шаарында жашаган 32 жаштагы Кевин Бут аттуу адам селсаяктарга азык-түлүк берген банкка барып тамак ордуна чоң суммадагы акча таап алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Кевин Бут бир нече жылдан бери селсаяк болуп көчөдө жашайт. Август айында адаттагыдай күндөрдүн биринде тамак-ашка муктаж болгондорго жардам берген кайрымдуулук уюмуна барат. Дал ошол күнү ал уюмдун алдынан пакеттеги акчаны таап алат.
Бирок ал таап алган акчаны өзү үчүн керектөөнүн ордуна, ушул убакка чейин аны тамак-аш менен камсыздап келген кайрымдуулук уюмуна берүүнү чечкен.
Кевин Бут азык-түлүк банкынын кызматкерлери келгиче күтүп турат. Пакетте жалпысынан 17 миң доллар болгон. Полиция кызматкерлери 90 күн аралыгында бул акчанын кимге тиешелүү экендигин аныктоого аракет кылышкан. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Ошондуктан бул каражатты кайрымдуулук уюмда калтырууну туура көрүшкөн.