Египетте болочок күйөөсү менен кучакташкан студент окуу жайдан айдалды

Египеттин борбору Каирде болочок жолдошу менен кучакташкан студент кыз окуу жайдан айдалды. Кыз-жигиттин кучакташкан видеосу социалдык тармакка тарап кеткен. Анда жигит сүйүктүүсүнө турмушка чыгуу сунушун жасап, колуна шакек тагып, андан кийин кучактап айланткан.

Чет элдик басылмалар кыз Каирдеги Аль-Азхар университетинин студенти экенин жазып чыгышкан. Бирок видео аталган жогорку жайдын алдынан эмес, Аль-Мансура университетинин алдынан тартылган. Аль-Мансура университетинде студент кыздын сүйүктүүсү билим алары маалым болгон.

Аль-Азхар университети студент кыздын бул кылганын эрежеге туура келбейт деп баалап, окуусунан четтеткен. "Бардык чечим кокусунан кабыл алынбайт. Биз университеттин мыйзамдарына ылайык студентти окуусунан четтеттик. Ал биздин окуу жайдын баалуулугу деп саналган эрежелерге баш ийген жок. Бирок студент дисциплинардык комиссиянын чечимине каршылыгын билдирип, арыз менен кайрылып, окуусун калыбына келтирсе болот", - деп билдирген.

Сүйүктүүсүнүн турмушка чыгуу сунушун кабыл алган студент окуусунан четтетилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
keba300989
2019-01-14 12:53:45
тартип кучтуу
+7
zhaku2017
2019-01-14 13:15:22
Бул жерде тартип эмес. Бул жерде исламдагы диний тушунук жана карангылык. Исламдашуунун кесепети бизде да ушул сыяктуу тантыган абалга такайт. Баардык маселени арабтардын Кураны менен талкулап коюшат. Ал эми адам эркиндигин ойлонушпайт. Бизге арабташкан, исламдашкан олко болуп кереги жок. Акыры Иранга аравияга афганистанга окшоп орто кылымга кептелебиз.
-15
hi0105
2019-01-14 13:39:53
zhaku2017, жаку сен адашып жатасын. Исламды сен толук тушунгондо туура чечим чыгармаксын. Сен диндеги туура деген нерселерди чет кагып дин бузгандардын саясатын колдонуп жатасын. Ар ким журсо озу билет бирок ошол университеттин эрежелерине баш ийбей ошол кылыкты кылганы учун айдалды.
+9
Mirlan27011987
2019-01-14 13:35:29
Динге шылтап кыздардын баскан тургандарын тескей беришсе, акыры кыздарды басынтуу, кемсинтуу системасы орнойт. Жанагы хиджаб оронгондор акыры ушундай тагдырга туш болуп калышат. Алар исламдагы жалган жана кооз жазып коюшкан диний идеяларды сокурлук менен ээрчип кете беришет.
-4
Aikaaaa
2019-01-14 16:20:47
Мына дагы бир ислам өлкөсүнүн аялдарды басынтканынын дагы бир далили. Ал эмнеге ошо кучактаган эркек баланы окуусунан четтетишпейт, кызды эле. Алардын шарият, мыйзамы только эле аялдарга каршы
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан