
Орусиялык теннисчи
Мария Шарапова атаандашы британиялык
Хэрриет Дартты "Ачык Австралия" турниринде 6:0, 6:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.
Маалым болгондой, 31 жаштагы теннисчи Австралияда өткөн ачык чемпиондуктун экинчи айлампасына кыйынчылыксыз эле өткөн. Шарапова атаандашын 1 саат 3 мүнөттүк убакытта жеңген. Ал эми экинчи айлампада швециялык Ребекка Петерсон менен кез келет.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын июнь айында Эл аралык теннис федерациясы Мария Шарапованы мельдоний колдонгону үчүн 2 жылга теннис ойноодон четтеткен. Спорт арбитраждык соту мөөнөттү 15 айга
кыскарткан.
Мария Шарапова спортко 2017-жылы Кытайдын Тяньцзинь шаарында 9-15-октябрь аралыгында өткөн мелдешке катышуу үчүн кайтып келген. Аталган мелдеште ал жеңүүчү
аталган.