Орусиялык теннисчи Мария Шарапова мельдоний колдонгону үчүн спорттон 15 айга четтетилген. Кечээ, 26-апрелде анын мөөнөтү бүтөрү менен Штутгартта WTA турниринин 1-айлампасына "уайлд кард" менен катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Алгачкы расмий оюнуна ал италиялык Роберта Винчи менен туш келген. Оюн 1 саат 43 мүнөткө созулуп, 7:5, 6:3 эсебинде жеңишти орусиялык теннисчи алып кетти.
Көпчүлүк Мария Шарапованын спортко кайтышын күтүшкөн. Бул жеңиш менен ал ийгиликтүү кайтты десек болот. Эми турнирдин 2-айлампасына ал өзүнүн мекендеши Екатерина Макарова менен кез келет.
"Мен аябай кайткым келген, андыктан эмгектендим. Баары ойдогудай болгонуна кубанып жатам. Мындай тыным далыман жаракат алганда болгон. Мен ракетканы бир аз таштаганым менен, формамды кармоого аракет кылдым. Акыркы 15 жыл аралыгында инсан катары өсүүгө, үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болду. Штутгартта көп оюн ойнойм деген үмүтүм чоң", - деген Мария Шарапова оюндан кийин.