Германияда афганистандык качкын кош бойлуу аялга бычак менен кол салган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя 11-январда кечке жуук Бад-Кройцнах ооруканасында болгон. 25 жаштагы Польша өлкөсүнүн жараны өтө оор жаракат алган. Тилекке каршы, дарыгерлер анын төрөлө элек наристесин сактап кала алышкан эмес.
Кош бойлуу аялга кол салган адам кармалган. Полиция кызматкерлери учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдаган.
Маалымат үчүн айта кетсек, Германияда канча афганистандык качкын бар экендиги тууралуу так маалымат жок. 2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын аягына чейин жалпы 900 миң 623 качкын каттоодон өткөн. Бирок качкындардын арасында анонимдүү түрдө, эч кандай документтери жок киргендери да бар. Ошондуктан жогорудагы цифра мындан эки эсе көп болушу да мүмкүн. Ал эми социалдык тармактардагы маалыматтарга таяна турган болсок, учурда афган качкындардын 3,2 пайызын түзөт.