2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков жооп берди. Ал бул жыл былтыркы жылдагыдай эле багытта жарыяланганын эске салды.
“Быйыл аймактарды өнүктүрүү иши улантылат. Союз убагында ички резервди колдонууну үйрөнүшүбүз керек деп айтып калчубуз. Тышкы инвестиция дебей айылдарды өнүктүрүүдө ошол эле аймактардан чыккандардын потенциалын жумшаганды үйрөнүү зарыл. Ошондой эле санариптештирүү боюнча да маселе турат. Мектептерди интернет менен камсыздап, тейлөөнүн бардык түрүн электрондук түрдө кылып, коррупциялык механизмдерди жоготуу иштери аткарылат деген ойдомун. Эң негизгиси мамлекетте тынччылык болуп, “мага мамлекет эмне жасады?” деп эмес, “мамлекетке мен эмне жасадым?” деп иштешибиз керек”, - дейт Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Эмилбек Жороев, Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.