2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди. Ал белгилегендей, президент мамлекеттеги туруктуулукту сакташы керек.
“Мамлекеттин туруктуулугун сактоо - бул президенттин түздөн-түз милдети. Президент Кыргыз өлкөсүндөгү үч бийлик бутагынын башындагы арбитр, Конституциянын кепили болгондон кийин мыйзам алкагында болуп жаткан иштерди мындан ары дагы күчөтүшү зарыл. Мамлекет башчы “коррупция боюнча күрөштү аягына чыгарам” деп жатат, ушул багытта темпти күчөтүүсү шарт. Өкмөт экономика жаатында эффективдүү иш көрсөтө албай жатат. Бул боюнча президент өкмөткө тапшырма бериши керек.
Административдик реформаларды жасоо абзел. Кичинекей Кыргыз мамлекетине 7 облустун деле кереги жок. Кичи райондордун баарын бириктирип, бир чоң район кылып, облустарды жоюп салуу шарт. Ошондой эле жаңы жыл башталбай жатып жаңжалдарды жаратып жаткан жаңы кодекс боюнча жумушчу топ түзүүгө тапшырма берүү зарыл. Бул боюнча президентибиз тез арада чара көрүшү керек. Андан сырткары быйыл өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин ийгиликтүү өткөрүп, коңшу мамлекеттер менен мамилени жогорку деңгээлге көтөрүү абзел”, - дейт Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, Эмилбек Жороевдин пикири бул шилтемеде.