Арнольд Шварценеггер жакын арада күйөө балалуу болот

39 жаштагы Крисс Прэтт менен 29 жаштагы Кэтрин Шварценеггердин сүйүү мамилесинде экендиги белгилүү. Ал эми мындан бир нече саат мурун Крисс Кэтрин сүйүктүүсүнүн колун сураганын жеке баракчасына маалымдады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жызып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Кэтрин белгилүү актёр Арнольд Шварценеггердин кызы.

Ал эми Прэтт болочоктогу жубайын кучактаган сүрөтүн жүктөп, ага: "Сүйүктүүм, Кэтрин! Менин сунушума макул болгонуңа абдан бактылуумун. Сага үйлөнүү тууралуу ой мени толкундатууда", - деп жазган.

Актёрдун кызы турмуш жолуна алгачкы ирет аттанып жатса, Прэтт буга чейин актриса Анна Фэриске үйлөнгөн жана андан 1 уулу бар. Алар 7 жыл чогуу жашаган соң эки айрым жолго түшүшкөн. Ага карабастан достук мамилени сактап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bond02
2019-01-14 20:27:51
Бактылуу болсун, жакшы жердин кызы атасы жакшы киши.
+9
Farra16gsin
2019-01-14 20:33:35
bond02,оа десең соонун киши жарыктык
+4
karmyshbekovich
2019-01-14 20:33:59
bond02, кудага канча киши келет экен? кызды алып кеткени
+6
Farra16gsin
2019-01-14 20:34:39
bond02, ооба десең соонун киши жарыктык
+3
zhanybekov030303
2019-01-14 21:43:25
bond02,жакшы жердин кызы дегенин жакшы бирок ал жакта кайсы жактан болот экен атасы каякта иштейт экен уйу барбы деп сурабайт булар мурда уйлонгонуно карабай жигиттин суйуу учун уйлонуп атат а бизде кокуй 1 баласы бар экен кой болбойт эмне кыласын деп туура эмес кабыл алышат!!
0
Wold
2019-01-14 21:44:38
bond02, "Жакшы жердин кызы" дегин?)))
+1
ilgis1991
2019-01-14 20:43:51
Жарыктык деп өлгөн адамды айтат беле? Арнольд тирүү го?!
+4
farsaj50
2019-01-14 22:23:57
Канча калын? канчата кой бериптир )))
0
Berliane123454
2019-01-14 23:19:34
farsaj50,кой эмес, асыл-тукумдуу жылкы берсе керек,эми кантсе да Эл таанып-билип калган киши)
0
Kalnazarov89
2019-01-14 22:33:21
Ичти эзесинерго.бир жарып койдунар
0
Nurtilek06
2019-01-14 22:55:01
Негизи темадан да коментарийлер кызыктуу,окуусан боорун эзилет
0
souza.j
2019-01-14 23:24:59
Куйоо бала катуу суйлобосо керек эми. Атасынан коркуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан