
Армениянын президенти
Армен Саркисян өлкөнүн жаңы шайланган парламентинин жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып
Никол Пашинянды дайындады. Саркисяндын мындай указы президенттин расмий сайтында жарыяланды.
Армениянын Баш мыйзамына ылайык, өлкө башчысы парламенттеги көпчүлүктүн сунушу менен премьер-министрликке кандидатты дайындайт. Ал эми министрлер кабинети премьер-министр дайындалган соң 15 күндүк мөөнөт менен түзүлөт. Мындан соң өкмөт башчы 20 күндүн ичинде Улуттук жыйынга министрлер кабинетинин программасын алып чыгуусу керек.
Декабрь айындагы шайлоонун жыйынтыгы менен түзүлгөн Армениянын 7-чакырылыштагы парламенти 132 депутаттан турат. "Менин кадамым" башкаруу блогу
88 мандатка, "Гүлдөгөн Армения" партиясы жана "Жаркын Армения" партиясы 26 жана 18 мандатка ээ болушкан.