2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна депутат Эмил Токтошев жооп берди.
Ал президент мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык иштерди катуу көзөмөлгө алат деген ойдо.
“Президент Сооронбай Жээнбеков дагы деле коррупция менен күрөшүүнү улантат. Өткөндө жолугушууда дагы “мен президенттик мөөнөтүм бүткөнгө чейин коррупция менен күрөшөм” деп айтты. 2018-жылы аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иштер быйыл улантылат. Анткени жөнөкөй эле киши үй салса бир жылда бүтпөйт. Бул мамлекеттин чоң ишин бир жылда аягына чыгаруу кыйын.
Өлкөнү санариптештирүүнү өнүктүрүүгө өлкө бюджетинен чоң суммадагы каражат каралган. Ушул жылдын аягына чейин санариптештирүүнү ишке ашырып алсак, Кыргыз мамлекети үчүн эң чоң ийгилик болот. Жылды атап эле коюу жетишсиз, андан майнап чыгаруу керек. Мындан тышкары мамлекеттик кызматтагы кадрлардын коррупциялык иштерге катыштыгы болсо, алар менен катуу иштерди жүргүзөт деп ойлойм. Буга Жогорку Кеңеш да жардам беришибиз керек”, - деди Токтошев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Эмилбек Жороев, Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.