Орозбек Молдалиев: "Коррупция менен эле күрөшүп отура бергенге болбойт"

2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал президент акыркы маалымат жыйынында 2019-жылга пландарын айтпаганын эске салды.

"Бул жылы чоң нерселерди деле күтпөйм, себеби өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнө да кароо керек. Декабрь айынын аягында президенттин катышуусундагы жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында 2019-жылы жасала турган иштер тууралуу көп айтылган жок. Мына жакында 2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланганы жалпыга маалым болду. Туура, региондорду, аймактарды айыл-чарбаны өнүктүрүү керек. Бирок өнүктүргөн нерселерди сата албай жатпайбызбы. Кыргыз мамлекетинде эч кандай эл аралык деңгээлге жооп берген лаборатория жок, ошол себептен өлкөнүн ичинде өндүрүлгөн продукцияны сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк аз. Чынын айтканда, учурда эл өзүн-өзү эле багып жатат.

Өлкөнү өнүктүрүү үчүн өлкөдөгү заводдорду ишке киргизип, жандандыруу керек. Эгер бул багытта тиешелүү иш-аракеттер жасалса, көп нерсе өзгөрүлөт. Чынын айтсам, өлкөдөгү азыркы абалда арабаны аттын алдына байлап алгандай болуп жатабыз. Коюлган максаттар бар, эмне жасалышы керектиги белгилүү, бирок ошол нерсени жөнгө сала албай жатат. Тиешелүү мекемелерде коррупция менен күрөш болуп жатат. Бирок коррупция менен эле күрөшүп отура бергенге болбойт. Себеби бул багыт менен эле тирешүү өлкөнү өнүктүрбөйт. Транспорт маселесин чечүү керек, бул багытта жаралган маселелерди бийлик чечип, тартипке салып берип койсо көп нерсе ордуна келет", - дейт Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Эмилбек Жороев, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан