Саясат таануучу Игорь Шестаков: "Президент кадрдык жактан пайдубалын бекемдөөнү улантат"

2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна саясат таануучу Игорь Шестаков жооп берди.

Ал быйыл да коррупция боюнча чуулгандуу кылмыш иштери козголушу мүмкүн деген пикирин айтты.

“Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери коррупция башкы көйгөй болуп калган. Былтыркы жылкы коррупция боюнча кармалуулар бул олуттуу көйгөйдүн акыркы чекити болду деп айтууга болбойт. Менин оюмча, 2019-жылы дагы мурдагы жогорку кызматтагы адамдарга байланыштуу чуулгандуу кылмыш иштерин көрүп калышыбыз мүмкүн. Бул жылды парламенттик шайлоого чейинки жыл деп атасак болот. Президенттин таасири менен дагы кадрдык өзгөрүүлөр болот. Президент мурунку өлкө башчыларга салыштырмалуу азырынча партиядагы адамдарды айланасына алып келе элек. Мурун КСДПдан келген кадрлар басымдуулук кылып келген. Президент кадрдык жактан пайдубалын бекемдөөнү улантат. Бизде кадр маселеси көп нерсени чечет. Экономикалык тармак - президент үчүн тааныш эле маселе. Жээнбековдун ишмердүүлүгү экономикага байланыштуу болот деп ойлойм”, - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Эмилбек Жороев, Орозбек Молдалиев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан