Бүгүн өкмөт 1-январда күчүнө кирген кодекс тууралуу маалымат берет

Бүгүн, 15-январда өкмөт 1-январда күчүнө кирген административдик кодекс тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышат.

1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан