Трамп Түркиянын президенти Эрдоган менен экономикалык алакаларды талкуулады
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу байланышып эки жактуу экономикалык алакаларды талкуулашты. Бул тууралуу Трамп Twitter социалдык баракчасына билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.