Инстаграмда эң көп "жакты" белгисин топтогон сүрөт белгилүү болду

Инстаграм социалдык баракчасында эң көп "жакты" белгисин топтогон сүрөт белгилүү болду. Ал жумуртканын сүрөтү экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жумуртканын сүрөтү ушул жылдын 4-январында жүктөлүп, 10 күн ичинде 25 миллион лайк топтой алган. Бул сүрөттүн алдына "Келгиле, ушул сүрөткө "жакты" белгисин коюп, дүйнөлүк рекордду жасайбыз. Бул сүрөт Инстаграмдан эң көп лайк топтоп, дүйнөлүк жылдыздарды ашып өтсүн" деген билдирүү жазылган.

Белгилүү болгондой, эң көп "жакты" белгисин 10 күн ичинде топтой алган сүрөт катталуучунун баракчасындагы алгачкы билдирүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
wirintai27
2019-01-15 10:29:51
Кандай сурот экен деп шашып кирсе...
+7
botosh
2019-01-15 12:13:43
Бул жумуртканын көп лайк алуусу үчүн мен дагы өз салымымды кошком)
+5
Aikaaaa
2019-01-15 14:26:35
Эми бүгүн кыргыз боорсогу канча лайк топтойт экен болуп жатат, жумурткага жетмек кайда
+1
bond02
2019-01-15 14:39:05
Эми мен тооктун суротун жуктойм.
+4
Mbappe
2019-01-15 15:36:23
Бүгүн 11-кун 39000000 лайк болду
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан