АКШда 3 жаштагы кыз 8 килограммга жеткен шишиктин айынан каза болгон

АКШда 3 жаштагы наристенин өлүмүнө анын ата-энеси күнөөлүү экени айтылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 3 жаштагы кыз рак илдети менен ооруган. Бирок наристенин ата-энеси аны дарылоого аракет да кылган эмес. Убакыттын өтүшү менен кыздын оорусу өтүшүп, шишиктин салмагы 8 килограммга жетип каза болгон.
Полиция кызматкерлери алар жашаган фургонго барган учурда кыз эс-учун жоготкон абалда болгон. Эң өкүнүчтүүсү дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Каза болгон наристеден сырткары ал фургондо 6 бала жашаган.
Эгерде кыздын өлүмүнө ата-энесин күнөөлүү деп табылса, алар мыйзам алдында жоопко тартылып, 4 жылга эркинен ажыратылары айтылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BaihanUlanov
2019-01-15 12:34:55
Ушундай жүрөк ооруткан нерселерди жазбай эле койгулачы сураныч, бизге анын эмне кереги бар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан