Депутат Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчи кызматына талапкерден "ТВЕА компаниясы менен келишимдин түзүлүшүнө тиешеңиз болгонбу?" деп сурады

Бүгүн, 15-янврада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелованын талапкерлиги каралып жатат.

Анда депутат Максат Сабиров Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчи кызматына талапкерден “ТВЕА компаниясы менен келишимдин түзүлүшүнө тиешеңиз болгонбу?” деп сурады.

Дианара Кемелова аталган компания менен келишимдин түзүлүшүнө тиешеси жоктугун айтты.

Ал тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Буга чейинки элчи Кылычбек Султан 4 ай мурда Тышкы иштер министрлигиндеги бир топ кемчиликтерди коомчулукка айтып чыккандан кийин кызматынан бошотулган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан