Ишенбай Кадырбеков: "Азыркы Конституцияга менин да тиешем бар, ал жакпайт деп айта албайм"

Өткөн жылдын ноябрь айында болгон саясий күчтөрдүн курултайынын уюштуруучулары бүгүн Бишкекте жыйын өткөрүп жатышат. Анын жүрүшүндө мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров Конституция 11 жолу өзгөртүүгө дуушар болгонун белгилеп, "азыркы Конституция - эң начар Конституция" деп билдирди.

Бул боюнча коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков "Азыркы Конституцияга азбы-көппү тиешем бар, ал жакпайт дегенге кошулбайм", - деди.

"Эмнеси жакпайт, кайсы жери туура эмес? Элди парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттикпи деп кыйнай берген болбойт. Сабырдуулук кылып, жакшылап ойлонолу", - деди Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан