Бүгүн, 15-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыздын Орусия, АКШ, Кытайдагы элчилерине талапкерлер каралды.
Болот Отунбаев Кыргыз мамлекетинин АКШдагы элчилигине көрсөтүлдү. Анын ордуна, Кыргыздын Орусиядагы элчиси кызматына Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги каралды.
Кыргыздын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлдү.
Баяндаманы тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жасады.
Жыйынтыгында комитеттеги депутаттар жогоруда аты аталган талапкерлерди колдоду.