Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги сунушталды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин комитети карайт. Маалыматты 15-январда Өкмөттүн басма сөз кызматы ырастады.
Жанат Бейшенов 1970-жылы туулган. 1993-1996-жылдары "Альтаир" соода сатык компаниясында иштеген. 1996-1997-жылдары "Эржан" Кыргыз-Орусия биргелешкен ишканасынын директору болгон. 1998-2000-жылдары өкмөт аппаратында иштейт, 2005-жылга чейин Чехиядагы соода сатык боюнча өкүл болгон. 2005-жылдын октябрь айында транспорт министринин орун басары кызматына келген. 2017-жылы Евразия экономикалык комиссияда темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.
Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жаткан. Бул кызмат орду бир айдан бери бош. Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек болчу.