Үй камагындагы адам күн сайын ар түрдүү кийинип, интернет колдонуучуларын таң калтырууда

2018-жылдын 30-ноябрында Киевдеги Печер райондук соту политтехнолог Владимир Петровду үй камагына 28-январга чейин камоо чечимин кабыл алат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, полиция кызматкерлери күн сайын үй камагындагы айыпталуучу Петровду текшерип, сүрөткө тартып кетишет. Ал эми политтехнолог үй камагында зериккенби, айтор, аны сүрөткө тартууга келген сайын ар түрдүү кесиптеги адамдардын формаларын кийип чыгып турган.

"Үй камагы учурунда англис тилин үйрөнүп, аңгемелер камтылган китеп жазып, үйдө оңдоп-түзөө иштерин жасаган жокмун. Мага мени күнөөсүз жерден айыпташты деп ойлоп отурган жагат" деген Петров.

Бул жоругун ал өткөн жылдын декабрь айынын аягында баштаган. Петров полиция кызматкерлерин күндө ар кандай кийим кийип тосуп алат.

"Үй камагында отурам. Күн сайын 2 ирет келип, сүрөткө тартып кетишет. Мен дагы жөн отурбай, көңүл ачуунун бир жолун ойлоп таптым", - деген оюн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2019-01-16 09:08:24
Соонун го)))))))
+1
kanat_myrza
2019-01-16 22:26:14
кыйын экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан