Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев: “Бизге жаңы шайлоо, жаңы башкаруу системи керек”

2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал бүгүнкү күндөгүдөй кырдаал кармалып кала турган болсо, азыркы бийликте турган адамдын партиясы парламентке келе турганын айтты.

“Оппозициянын альянсы тууралуу суроого азыр жооп берүү кыйын. Айрымдары учурда азыркы шартты эле кармап калабыз деп даярданып жатышат. Эгер шарт кармалып кала турган болсо, азыркы бийликте турган адамдын партиясы келет. Ага эч кандай альянс жардам бере албайт. Биз ошол себептен каршы болуп жатабыз. Жаңы шайлоо, башкаруу системи керек. Дале “чөнтөк” парламент келет. Ал бийликтин парламенти болот, а бизге андай бийликтин кереги жок. Оппозициялык партия өтө албайт, бул жөн гана сөздөрдүн оюну болуп калат”, - дейт Мукар Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан