Укук коргоочу Рита Карасартова: “Оппозиция бийлик тарапка кошулбай калган күчтөр менен түзүлөт”

2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Ал оппозициялык альянс түзүлүшү керек экенин айтты.
“Оппозициялык альянс, албетте, түзүлүшү керек. Түзүлбөй калган туура эмес. Кыргыз мамлекети коалициясы да, оппозициясы да бар өлкө катары таанылып келген. Оппозиция бийлик тарапка кошулбай калган күчтөр менен түзүлөт. Негизи оппозициянын алыска карай турган көз карашы болгону жакшы. Акчасы бар бийликке кирбей калгандардан сырткары демилгеси, сөз эркиндиктерин өнүктүрүү сыяктуу демократиялык күчтөр бириккен оппозиция топтолот деген ишенимим бар. Анткени алардын акчасы жок болсо да, бир идеянын тегерегинде алдыга басышыбыз керек деген көз карашы болот. Бир гана бийликке таарынгандардын оппозициясы болуп калган туура эмес. Бийликке кирбей калгандардын оппозициясы узак мөөнөттүү болбой калат. Ал эми принциптин, идеянын тегерегинде калыптанган оппозициялык топтун өмүрү узун жана күчтүү болот”, - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан