Бүгүн, 16-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
39 адамдын өмүрүн алып, көптөгөн үй-бүлөнүн тынчтыгын бузган Бишкектеги Боинг кырсыгынан бери туура 2 жыл өттү. Кыргыз коомчулугу бул кандуу апаатты эскерип, 2 жылдан бери жообу табылбай жаткан суроолор бүгүн кайрадан калкып чыкты. Мындай кырсыктар кайра кайталанбашы үчүн алдын алуу иштери жасалдыбы? Учактан жүк түшүрүлмөк беле, же расмий маалыматтарда айтылгандай, ал күйүүчү май толтуруу үчүн гана конду беле? Учактагы жүктүн чыныгы ээси ким? Кыргыз коомчулугунун мындай суроолоруна 2 жылдан бери так кесе жооп бериле элек.
2017-жылы ушул күнү "Манас" аба майданына жакын жердеги Курулуш башкармалыгынын дачасы деп аталган калктуу пункттагы үйлөрдүн үстүнө таңга жуук жүк ташыган Боинг учагы кулап, жалпы 39 адам каза тапкан. Түркиялык "АКТ Airlines" компаниясына таандык бул учак Гонконгдон Түркияга жүк ташып баратып Бишкек аэропортуна конмокчу болгон. Конуудагы максатын Кыргыз өкмөтү "учакка май куюу үчүн" деп түшүндүрдү. Ошол эле учурда "Бишкекке жүк түшүрмөк" деген версия айтылып, бирок расмий тастыкталбады. Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы жүк боюнча бардык документтерди карап чыгып, жүк Кыргыз мамлекетинин жарандарына таандык эмес деген жыйынтык чыгарган. Аба лайнери уюлдук телефон, планшет, от тутанткыч өӊдүү электрондук буюмдарын жүктөп бараткан. Кыргыз эли жабыркагандарга жардам катары өкмөт ачкан атайын эсепке 102 миллион сом топтоп, аны атайын комиссия бөлүштүрүп берди. Мындан тышкары "АКТ Airlines" компаниясы компенсация төлөп бергени айтылды.
Бул окуядан кийин Жогорку Кеӊеш депутаттары "Манас" аэропортуна жакын жерлерге үй салып жашап жаткандарды башка аймакка көчүрүү керектигин айтып чыгышкан. Дача-СУдагы кырсыктан жабыркагандар да коопсуз аймактан жер тилкесин берүүнү өкмөттөн суранган боюнча келе жатышат. Өкмөт элдин жардам болсун деп чогултулган акчасын, түрк компаниясынан берилген компенсацияны кырсыктан жабыркагандарга жашыруун бөлүп берип, ошону менен бул ишке баш оорутууну токтотуп койду. Аба майданына жакын жашагандарды коопсуз аймакка көчүрүү ишин өкмөт аягына чыгарган жок.
Бүгүн Боинг кулаган тилке гана курчоого алынып, тосмонун ары жагындагы үйлөрдө кадимкидей жашоо уланууда. 2 жыл ичинде аталган аймакка ФАП курулуп, таза суу чыгарылды, каргашага арналып эстелик коюлду. Ал эми кырсыктын себеби, ким күнөөлүү экени боюнча так жооп айтылбады. 2017-жылы Мамлекеттер аралык авиация комитети алдын ала жоромол боюнча кырсыкка учкучтар күнөөлүү деген версияны жарыялаган. Окуя боюнча УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура иликтөө ишин баштап, аягы дайынсыз кетти. Айрым маалыматтарда Гонконг-Түркия каттамындагы учак "Манаска" 54-жолку конушунда кырсыкка кабылганы айтылат. Эгер чын болсо, учак Бишкектин аба майданына мыйзамдуу конуп жүргөнбү деген суроо да ачык бойдон калды. Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Боинг кырсыгында жакындары каза тапкан жарандарды мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алып, алардын көӊүлүн жубатууга аракет кылды. Бирок алардын ал-жайын суроо менен эле маселе чечилип кетпеси анык. Аэропорттун учуп-конуучу тилкесине туш жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларын башка аймакка көчүрүп кетүү негизги иштердин бир эле.
Кечээ Кыргыз жеринде "Ачык асман" режимин ишке киргизүүчү мыйзамга кол коюлду. Ал күчүнө кирсе "Манас" аэропортуна келип конуп, кайра башка өлкөгө учуп кеткен чет элдик компаниялардын учактарынын саны өсөрү күтүлүп жатат. Демек, аэропортко чукул жашаган жарандарда коркунуч, тобокелчилик да ошончолук өсөт...
Парламент депутаттары Айыл чарба министрлигин жоюп салса болорун айтып чыгышты. Эл өкүлү Максат Сабиров аталган министрликти бир жылга анализ жүргүзбөйт, дыйкан-фермерлер өндүргөн товардын баасын жөнгө салып бере албай жатат деп сындады. Картошканын баасы быйыл 3-4 сомго араң сатылганын, дыйкандардын эмгеги күйүп кеткенин өкмөттүн эсине салышты.
2018-жылы февралда ал кездеги премьер Сапар Исаков Айыл чарба министрлигинин штаты 500 адамга кыскартыларын айткан. "Айтылып жаткан сындардын көбүнө макулмун, бул министрлик статистикалык маалымат тараткан органга эле айланып калды" деген ал. Бирок 2 айга жетпей Исаковду парламент ишенбестик көрсөтүү аркылуу отставкага кетирди. Кийинки өкмөт башчы бул иш боюнча үн катпады, маселе ачык боюнча кала берди.
Расмий маалыматка таянсак, Айыл чарба министрлигинин жылдык бюджети 1,7 миллиард сомду түзөт. Мунун жарымы айлык акыга кетет. Мекемеде жалпы 5 миӊден ашык адам иштейт. Министрликти жоюуга каршылар "Кыргыз өлкөсү агрардык мамлекет, министрлик сөзсүз керек" деген шылтоону айтышат. Өлкөнүн дыйкан-фермерлери өндүргөн товарды экспорттоого, жакшы баада сатууга шарт түзүлбөсө, айыл чарба тармагын оӊдоо үчүн конкреттүү демилгелерди көтөрүп, ишке ашыра албаса миӊдеген кызматкери бар министрликти кармап отуруунун зарылчылыгы барбы? Чакан Кыргыз мамлекетинде 20дай министрлик, мекеме бар. Кызматка шайланып жатканда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жаӊы түзүмүн сунуштай турганын айтып, бир жылдан бери ал ишти аткара элек. Аянты, калкынын саны жагынан Кыргыз өлкөсүнө окшош Швейцариянын аткаруу бийлиги 7 эле министрден турат. Бул өлкөнүн ички дүӊ продукциясы киши башына 81 миӊ доллардан айланат. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө бул көрсөткүч 1200 долларды түзөт. Аз сандуу бирок эффективдүү өкмөт түзүү сунушу кайра-кайра айтылып, ишке ашырууга өкмөт башчы чабалдык кылууда...
Жогорку Кеӊеш депутаттары жыйынга көйнөк кийип келбегени үчүн чиновникти жемелеп, залдан кууп чыгышты.
Пленардык жыйынга Орто кесиптик билим берүү агенттигинин бөлүм башчысы Талантбек Тынысов футболкачан келген. Чиновниктин кийимин депутат Алмазбек Токторов байкап, себебин сурады. Тынысов муну "парламентке барарымды эртеӊ менен эле билдим. Жетекчи ооруп калып, ордуна келдим" деп түшүндүрдү. Ал эми вице-спикер Мирлан Бакиров "парламент сизге базар эмес" деп аны залдан кууп чыкты.
Албетте, Жогорку Кеӊештин жыйынына талаптагыдай кийинип келбеген чиновникке болушуу мүмкүн эмес. Болгону депутаттар парламент базар эмес экенин шайлоолордо, кайсы бир демилгени парламенттен күчтөп өткөрүүдө же кайсы бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн атайын өткөрбөй койгон учурларда унутуп салышууда...