super.kg logo

"2018-жылы өлкөдөгү ички дүң продукциянын көлөмү 557 миллиард сомду түздү" дейт Улуттук статистика комитетинин башчысы

 

2018-жылы өлкөдөгү ички дүң продукциянын көлөмү 557 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ички дүң продукциянын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 3,5 пайызга өскөн.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эске албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 509 миллиард сомду түзөт.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү өткөн жылы 251 миллиард сомго жакын каражатты түзүп, 2017-жылга караганда 5,4 пайызга жогорулады. Өнөр жай ички дүң продукциясынын өсүшү көмүрдү өндүрүүнүн, мунайзат жана жаратылыш газынын, негизги металлдардын, кийим тигүүнүн, азык-түлүк продукцияларынын, резина жана пластмасса буюмдарынын, курулуш материалдарынын көлөмдөрүнүн өсүшү менен камсыздалды.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 2,7 пайызды, курулушта 7,8 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада 5,5 пайызды түздү", - деди Султанов.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: