КҮНСОБОЛ: Өкмөт түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

2017-жылга чейин кабыл алынган жаңы кодекстер ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирди. Бирок бул нормалар коомчулуктун сынына кабылууда. Коомдук жайда түкүргөндөрдү 5500 сомго айыпка жыгуу талабы жарандарды кыжырлантып, өкмөттүн дарегине нааразычылыктарды туудурду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түкүрүк мыйзамын" кайра карап чыгыш керек десе, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "туура эмес норма кирип калыптыр" деп айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүү каралып жатканын айтты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөт "туура эмес норма экен" деп түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн жыл башынан күчүнө кирери белгилүү болгон кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?" деп собол салды.

БЕКЕШЕВ: “Өкмөт кодекстер социалдык түйүндөрдө талкуу болгондо гана маани берди”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, ар бир саясий кызматта иштеген адам жаңы кодекстер, мыйзамдар күчүнө кире электе окуп койсо туура болот.

“Өкмөттүн бул кодекс тууралуу кабары болгонун же болбогонун билбейт экенмин. Негизи ар бир саясий кызматта иштеген адам жаңы кодекстер, мыйзамдар күчүнө кире электе окуп койсо туура болот. Мүмкүн өкмөттөгүлөр кодекстер тууралуу окуган чыгар, бирок алар социалдык түйүндөрдө талкуу болгондо гана маани беришти. Кодекстерди окуп жатканда көп көңүл бурушкан эмес. Түкүрүккө салына турган айып пулдун көлөмүн азайткандан көйгөй чечилбейт. Маданияттуу кишиге түкүрүк үчүн канча айып пул салына турганы баары бир. Анткени алар түкүрүшпөйт. Маданиятсыз түкүргөнгө көнгөн кишилер, албетте, нааразы болот. Айып пулдун көлөмү 1000 сом болсо деле нааразы боло берет. Анда биз ушундай адамдардын пикирлерин угуп жүрө берели. Эртең жол коопсуздугу боюнча айып пулдун көлөмү тууралуу дагы айтышат. Түкүрүккө айып пул салуу боюнча идеяны бергем, бирок мындай айып пул болсун деп сунуштаган эмесмин. Айып пулдун көлөмүн анализдеп чыгыш керек болчу”, - дейт Бекешев.

ЖАМАЛДИНОВ: “Өкмөт жаңы кодекстер күчүнө киргенге чейин түшүндүрүү иштери жүргөндө мындай абал болмок эмес”

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов өкмөт жаңы кодекстер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу деген пикирин айтты.

“5 кодекс, 2 мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеши керек эле. Мыйзам күчүнө кирер алдында 6 ай же бир жыл мурун тааныштыруу иштерин жүргүзүш шарт болчу. Өкмөт тарабынан андай иштер жүргүзүлгөн жок. Түкүрүккө айып пул салынганы туура эле. Түкүрбө деген - тазалыкты сакта деген нерсе. 5500 сом салынганы түкүрбөсүн, таштанды таштабасын дегени да. Ушунун баары элге түшүндүрүлүшү зарыл болчу. Айрымдар айып пулдун көлөмүнө нааразы. Алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндө мындай абал болмок эмес”, - дейт Жамалдинов.

ТАШИЕВ: “Бийлик өз милдеттерин аткара албай жатат”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев бийлик эл менен иштеше албай жатат дейт.

“Бул бүгүнкү күндөгү өкмөттүн шалаакылыгын билдирет. Бүгүнкү күндөгү бийликтин эл менен иштей албай жатканынан кабар берет. Бийликке элдин, мамлекеттин тагдырына кайдыгер караган, айлык үчүн отурган адамдардын топтолгонунун далили. Бул өкмөттүн түздөн-түз шалаакылыгы. Андай болбосо бийлик элдин турмушуна таасири тие турган ар бир мыйзамды, ар бир кыймыл-аракетти тыкыр иликтеп, ошонун пайдасын, зыянын таразалашы керек эле. Бирок бийлик өз милдеттерин аткарбай жатат”, - дейт Ташиев.

КАПТАГАЕВ: “Күчүнө кирген кодекстерге даярдыктын жоктугу - бул бийликтин ушунчалык деңгээлде шалаакы экенинен кабар берет”

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “өкмөт 2 жыл бою кодекстерди ачып, окуп койгон эмес” дейт.

“Негизи бул кодекстер 2017-жылдын жаз мезгилинде кабыл алынып бүткөн. Андан бери дээрлик 2 жыл өтүп жатпайбы. Бул убакыт ичинде 5 чоң кодекстин күчүнө киришине ар бир бийлик бутагы даяр болушу керек эле. Талкууланып, чийки жерлери аныкталып, парламенттен, Конституциялык палатадан түшүндүрмөлөр алынышы шарт болчу. Бул бийликтин ушунчалык деңгээлде шалаакы экенинен кабар берет. Өкмөттүн 2 жыл бою жаңы кодекстерди барактап, карап койбогону далилденди. Мындан жыйынтык чыгарыш керек. Бул жерде жоопкерчилик өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана Жогорку Сотко барып такалат”, - дейт Каптагаев.

АЗИЗ: “Кодекстерден дагы көп катачылыктар чыгат”

Юрист Канатбек Азиз мындай реформага эл даяр эместигин айтты.

“Тилекке каршы, эрте баштап алдык. Коом сот реформасына да, жаңы кодекстерге да даяр эмес болчу. Дагы көп катачылыктар чыгат. Бул кодекстер Атамбаевдин тушунда кабыл алынган. Жадакалса өзгөрбөсүн деген мораторий дагы бар болчу. Кодекстер ишке киргенде эл кыйналды, өкмөт да туура эмес кылганын моюнуна алды. Мыйзамдарды парламент кабыл алган. Өкмөт аткаруучу - бул кодекстерди укук коргоо органдарынын адамдары эмес, теоретиктер кабыл алган. Элдин пикири эске алынган эмес. 50-60 миң сом айлык болсо 5 миң сом айып төлөсөк жарашат. А бизде маянабыз 10-15 миң сом да. Кодекстер шашылыш кабыл алынган. Азыр өкмөт элди дүрбөтпөй, айып пулду азайтабыз деп туура эле кылды”, - деди ал.

ЗАКИРИЯЕВ: “Бийлик кандай мыйзамды кабыл алып, күчүнө киргизүүнү өздөрү билип жатат”

Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияев элди кыйнаган туура эмес дейт.

“Бийлик мыйзам кабыл алып, аны күчүнө киргизүүдө баарын өздөрү чечип жатат. Бирок элди кыйнаганы туура эмес деген ойдомун. Буга чейин бул мыйзамга карата өз оюмду билдиргем. Ал кадамым менен ичимдеги нерселерди видео аркылуу бийликке жеткиргим келген. Бирок катардагы жаран катары туура же туура эмес деп айтып эч нерсе чече албайм. Өз жоругума мыйзам чегинде жооп берүүгө даярмын. Комиссия кандай чечим кабыл алса, канча айып пул салса да жоопкерчиликтен качпайм”, - дейт Закирияев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан