Британиялык белгилүү модель Кейт Мосс туулган күнүн өзүнөн 15 жашка кичүү сүйүктүүсү жана курбулары менен белгиледи. Эң кирешелүү модель быйыл 45 жашка чыкты. Жашы улуулап калса дагы подиумду багындырып, атактуу моделдердин сап башында турган Кейт Мосс тууралуу маалыматтардын топтомун сунуштайбыз.
* Ал 1974-жылы 16-январда Лондондун Кройдон аймагында карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы туристтик агенттикте, апасы ашканада эмгектенген.
* Моделдик бизнести 14 жашынан баштаган. Ал эс алуудан үйүнө кайтып келе жатканда модель агенттиги жолуктуруп калып, модель болууну сунуштаган. Ошондон кийин модель катары иштей баштаган.
* Алгачкы жолу "Face" журналынын биринчи бетине чыгып, атактуулукка "Calvin Klein" мода үйү менен келишим түзгөндөн кийин жеткен.
* Кейт Мосс алгачкы миллионун 20 жашында таап, дүйнөдөгү гонорары кымбат моделдердин катарына кошулган.
* 1990-жылдардын ортосунда Кейттин гонорары күнүнө 10 миң долларга чейин өскөн.
* Модель "Coty" фирмасы менен кызматташып, ал "Kate" деген атырды чыгарган.
* Модель бүгүнкү күнгө чейин америкалык белгилүү актёр Жонни Деппти чыныгы сүйүүсү деп эсептейт. Атактуу түгөйлөр бири-бирин сыйлабай ажырашып кеткендиги айтылып келет.
* Модель 2002-жылы кыздуу болуп, төрөтү шамдар жагылган бөлмөдө өткөн. Ошондой эле төрөт учурунда моделдин колунда шампан болгон.
* Ал көп убакыт бою кокаин жана героин колдонуп, 2005-жылы дарыланган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал кумарынан баш тартпай келет.
* 2011-жылы Кейт Мосс гитарист Жейм Хинске турмушка чыгат. Бирок экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө модель жигитинин турмушка чыгуу сунушун күтпөй өзү нике шакегин сатып алган. Түгөйлөр 2015-жылы ажырашып кетишкен.
* Кейт Мосс өзүнө жаккан сүрөттөрдүн топтомунан турган "The Kate Moss story" китебин басып чыгарган.
* Британиялык сүрөтчү Марк Куинн Кейт Мосстун урматына таза алтындан "Сирена" деп аталган статуя жасаган. Ал Британиядагы музейде башкы экспонат катары сакталып турат.
* 21-кылымдын башында белгилүү моделдер Синди Кроуфорд жана Наоми Кэмпбелл менен бир катарда турган. Ал жөнүндө китептер жана киного сценарийлер жазылган.
* "Форбс" журналынын версиясы боюнча Мосс топ-моделдердин арасында байлыгы жагынан Жизель Бюндхенден кийинки орунду ээлеген.
* Жеке жашоодо модель Марио Сорренти, Жонни Депп, Пит Доэртилер менен сүйүү мамилелерин курган.
* Мындан тышкары модель Жефферсон Хэк менен мамиледе болуп, экөө 2002-жылы Лила Грэйс аттуу кыздуу болушкан.
* Учурда Кейт Мосс германиялык фотограф Николай фон Бисмарк менен мамиле куруп баштаган. Мамилеси узакка созулган түгөйлөр бир нече ирет таарынышып, кайра табышкан.
16-январдын жылнаамасы.