Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында транспорт жана жолдор министринин кызмат ордуна сунуш кылынган Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Бейшеновдун талапкелиги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тарабынан сунушталган.
Аталган министрдин кызмат ордуна сунуш кылынган талапкерди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети караган.
Жанат Бейшенов 1970-жылы туулган. 1993-1996-жылдары "Альтаир" соода-сатык компаниясында иштеген. 1996-1997-жылдары "Эржан" Кыргыз-Орусия биргелешкен ишканасынын директору болгон. 1998-2000-жылдары өкмөт аппаратында иштейт, 2005-жылга чейин Чехиядагы соода сатык боюнча өкүл болгон. 2005-жылдын октябрь айында транспорт министринин орун басары кызматына келген. 2017-жылы Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.