Бүгүн, 17-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн “Ала-Тоо” аянтында да, анда жайгашкан Ак Үйдө да “ысык” болду.
Адегенде эки революция жана жүздөгөн-миңдеген нааразычылык акцияларын башынан өткөргөн аянттагы митингден баштасак. Былтыркы жылдын аягында чакан топтордун катышуусунда өткөн нааразычылык акциялары ушул жылдын 7-январында аянттан тартып КТРКнын имаратына чейин уланган жөө жүрүш менен аяктаган. Митингди өткөрүүнүн максаты жана анын катышуучуларынын талабы негизинен Кыргыз жериндеги мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы багытталган. Негизинен деп айтуунун да жөнү бар. Себеби митингдин катышуучулары акыркы күндөрү бул талапка жалпы эле 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстерге, түкүрүккө салынган айып пулдун көлөмүнүн жогору экендигине карата да нааразычылыгын билдирип баштаган. Жергиликтүү бийликтен бул митингди өткөрүү уруксатын алган адам жарандык активист Аманбол Бабакулов экендигин бүгүн өзү айтты. Митинг милиция кызматкерлери тарабынан күчтөп таратылып, 20дай катышуучу жана журналист да кармалып, кийин бошотулду. Милиция кызматкерлери журналисттер аянтта болуп жаткан иш-чараны чагылдырууга акылуу экендигине карашкан жок. Ал эми Аманбол Бабакуловдун баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.
Эми Жогорку Кеңешке келсек. Кечээ күнү чоң жыйындын жүрүшүндө “футболкачан келдиң” деп өкмөттүн өкүлүн депутаттар Алмазбек Токторов менен Мирлан Бакиров зекип, андан ары залдан чыгарып жиберишкен эле. Бул окуяга карата коомчулуктун кыжырдануусун футбол боюнча Кыргыз курама командасынын Азия Кубогунун алкагында өтүп жаткан оюндардагы биринчи жеңиши да басаңдата алган жок. Бүгүн вице-спикер Мирлан Бакиров атайын билдирүү таратып, анда кечирим сурамыш болду. Тагыраагы “өзүмдүн сөзүм менен ошол кишинин аброюна шек келтирип же коомчулукта терс пикирлер жаралып калган болсо кечирим сурайм” деди. Ал эми Алмазбек Токторов бүгүн жыйынга келгенине карабай, комментарий алуу үчүн артынан түшкөн журналисттерге таптырбай койду. Депутаттардан жеме угуп, залдан чыгарылган өкмөттүн өкүлү Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин кызматкери Талантбек Тынысов болуп чыкты. Ал SUPER.KG’ге пикирин билдирип жатып, мамлекеттик кызматкер болгону үчүн тили кыскалык кыларын моюнга алды. "Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Барарымды алдын ала билсем андай кийим киймек эмесмин. Жыйынга чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле. Айтор, мен айткан себепти түшүнгүлөрү келген жок", - деди Талантбек Тынысов. Ал кечээ депутаттарга жетекчиси ооруп калгандыгына байланыштуу анын ордуна күтүүсүз келип калганын айткан. Айтор, коомчулук учурда “депутаттар Тынысовдон кечирим сурашсын” деген талабынан кайта элек.
Парламент бүгүн өкмөттүн курамын чакырып алып, кыргыз коомчулугунун тынчын алып жаткан маселелерди карады. Талкуу айып пулдарга байланыштуу чуунун тегерегинде жана миграциялык саясат жөнүндө болду. 1-январдан баштап күчүнө кирген кодекстер жана мыйзамдар тууралуу талкуунун бөлүгүндө депутаттар тарабынан өкмөттүн тиешелүү иш-чараларды өткөрбөгөндүгү, дегеле даяр болбогондугу катуу сындалып, атүгүл айрым эл өкүлдөрү өкмөт отставкага кетсин дегенге чейин жетишти. Ал эми миграциялык саясаттын алкагында Кытай жарандарына байланыштуу суроолор берилип, коомчулукта тарап жаткан маалыматтардын көбү калп экени айтылды. Ошондой эле 60 миң кыргыз кызы Кытай жарандарына турмушка чыккан деген кептер боюнча вице-премьер Алтынай Өмүрбекова кыздардын саны 60 миң эмес, 60 экенин билдирди. Жыйын бир топ убакытка созулганына карабастан анын жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынган жок.
Азыркы тапта жылдын башы. Мезгилге карата кыштын чилдеси. Бирок элдин маанайынан да, Ак Үй менен Көк Үйдөгү абалдан да “саясий жаз” жыттанып жатат. Жаз мезгилине дагы убакыт бар. Бирок элди бийликтин убадалары ишендире албай калды көрүнөт...
"Ак шумкарлар" футбол талаасында ийгилигин улантууда... 16-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Филиппинди 3:1 эсебинде жеңип, биринчи ирет Азия Кубогунун плей-офф баскычына өттү. Башкача айтканда, эми кыргыз футболчулары Азиянын алдыңкы 16 курамасынын катарында Кубок үчүн ат салышат. Кыргыз өлкөсү аталган абройлуу мелдешке биринчи жолу катышып жатат. Дебюттук команда болгонуна карабай "Ак шумкарлар" "С" тайпасында Түштүк Корея, Кытай, Филиппинге каршы татыктуу ойноду. Кыргыз чабуулчусу Виталий Люкстун хет-триги улуттук кураманы плей-оффко алып чыкты. Эми Кыргыз улуттук курамасы жарым чейрек финалда талаа ээлери болгон БАЭ курамасына каршы 21-январда ойнойт.
Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 1994-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) мүчөсү болгон. Кыргыз футболуна ийгилик 2013-жылдан тарта жылмая баштады. 2012-жылы Кыргыз өлкөсү ФИФАнын рейтингинде 206 мамлекеттин ичинен 196-орунда турган. Ошол жылы федерациянын башына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов келген. Султановдун тушунда 2014-жылы Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучулугуна орусиялык адис Александр Крестинин тартылган. Ошондон бери Крестининдин шакирттери жолдоштук беттештерди көп өткөрүп, мыкты тажрыйба жыйнады. Султанов менен Крестининдин учурунда улуттук курамдын лидерлери болгон Кайрат Жыргалбек уулу (2013-жылы) Даниэл Тего (2014-жылы), Эдгар Бернхардт, Виталий Люкс, Виктор Майер, Антон Землянухин (баары 2015-жылы келген) командага алынган. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 2016-жылдын июнунда Австралия менен болгон беттеш Кыргыз футболунун жаңы барагын ачты. 2:1 эсебинде "Ак шумкарлар" жеңилүү ызасын тартса да Бишкектин борбордук стадионуна батпай, тосмолорду ашып өткөн миңдеген күйөрмандар, кызуу ойногон футболчулар аталган спортко көңүл буруу заман талабы экендигин далилдеген. 2018-жылы Азия Кубогунун тандоо турунда Кыргыз өлкөсү Мьянманы 5:1 эсебинде, Индияны 2:1 эсебинде жеңип алып, ФИФАнын рейтингинде рекорддук жыйынтык көрсөтүп, 75-орунга чыккан. Мьянманы утуу менен Кыргыз курамасы Азия Кубогуна биринчи жолу жолдомо алды. ФИФАнын акыркы рейтингинде Кыргыз өлкөсү 91-орунда турат.
Семетей Султанов 2016-жылы федерациянын башчылыгына жалгыз талапкер катары кайра шайланган. Ал 2019-жылдын башында жетекчиликтен өз каалоосу менен кеткендигин федерациядан жарыялашты. Султановдун тушунда Кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде 125 орунга жогорулап, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Жетекчинин салымы менен Бишкектеги негизги стадион жарыктандырылып, эл аралык стандартка дал келтирүү аракеттери көрүлдү. Ошондой эле ФИФАнын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Ошто футбол академиясы ачылды. Азия Кубогуна чыккан тарыхый окуя да Султановдун мезгилине туш келди. Азырынча федерация жетекчисинин орду бош турат. Футбол тармагында менеджерлик сапаты бар экенин далилдеген Султановдун кызматтан кетиши экс-президент менен учурдагы президенттин тирешине тиешеси жокпу? Ал футболдогу менеджерлик карьерасын улантабы? Кыргыз футболундагы азыркыдай өнүгүү темпин федерациянын кийинки башчысы кармап кала алабы?..