17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, анда өз ишин аткарып жүргөн "Некст ТВ" каналынын журналистин милиция кызматкерлери күчкө салып кармап кетишкен. Ал прессадан экендигин бир нече жолу кайталаган. 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты.
SUPER.KG порталынын "Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Анын айтымында, эгерде милиция кызматкерлерине эскертүү берилсе, кийин мындай кылбаганга аракет кылышат.
"Мен кечээги митинг жөнүндө эки багытта айтат элем. Биринчи багыт, Кыргыз мамлекетинде бардык жарандар тынч, маданияттуу, мыйзамдуу митинг өткөргөндү билишибиз керек жана биз ага толугу менен укуктуубуз. Канчалык тынч митингдер көп болсо, коом, саясатчылар, жаштар бийликке талап коюшса бул мамлекеттеги жакшы көрүнүш болуп эсептелет. Бирок биз бардык нерсени мыйзамдуу, маданияттуу кылганды үйрөнүшүбүз зарыл. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Милиция кызматкерлери митингчилерге кандайдыр бир күч колдонууда, камоодо же болбосо аларга эскертүү берүүдө сак болушу керек. Эгерде милиция кайсы бир жерлерде чектен чыгып кетсе, Кыргыз мамлекетинде артка кетпей турган оор окуялар болуп кетүү коркунучу аябай жогору. Митинг өткөрүп жаткан адамдарга мыйзамдуу, адамгерчиликтүү мамиле жасаганды үйрөнүшү абзел. Биздин милиция кызматкерлери бөрк ал десе, баш алып жүрүп үйрөнүп калган. Бирөөсү команданы берет, ал эми жөнөкөй кызматкерлер ошону кандай болбосун аткарабыз деп чектен чыккан учурлар көп болот. Азыр мындай көрүнүштөр аябай коркунучтуу болуп эсептелет.
Экинчиси, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып жаткан журналисттерди укук коргоо органынын кызматкерлери адашып кармап алышы мүмкүн. Бирок күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин милиция сөзсүз түрдө тез аранын ичинде коё бериши шарт. Кечээги митингде "Некст ТВнын" журналистин кармап жатканда "мен журналистмин" деп айтып, күбөлүгүн берип жатса бир дагы милиция кызматкери көңүл буруп карап, окуп койгонго жараган жок. Бул ошол команданы аткарып жаткан кээ бир милициялардын өздөрүнүн милдетин, укугун билбей тургандыгы болуп саналат. Алардын билими, тажрыйбасы ошол митингди өткөрүп жаткан адамдар жана журналисттер менен иштегенге жеткиликсиз экендигинин далили болуп эсептелет. Милиция кызматкерлери маалымат каражаттарынын, коомдун алдында өздөрүнүн туура эмес кылганын моюнуна алышы керек. Күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай журналистке көңүл бурбай койгон милиция кызматкерине жок дегенде эскертүү берилсе туура болот. Ошондо милиция кызматкерлери мындай кылбаганга аракет кылып калышат. Эгерде калп эле айтып коюп, эч нерсе жасалбаса кийин деле ошол нерсе улана берет", - деди Жээнбеков.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, журналисттер Турат Акимов, Эрнис Кыязов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.