АКШнын 44-президенти Барак Обаманын жубайы, юрист Мишель Обаманын мемуары эң көп сатылган китеп деп табылды. Чет элдик басылмалар китеп "Amazon" компаниясынын рекордун жаңылаганын жазып чыгышты.
Мишель Обаманын "Становление" деп аталган китеби 3 бөлүктөн турат. Ал 47 күндүн ичинде эң көп сатылган китеп деп табылып, "Пятьдесят оттенков серого" китебин басып өткөн.
Китепте Мишель Обама кичинекей батирден Ак Үйгө чейинки турмушун, атасынан айрылганын жана башкалар тууралуу кеңири жазган.