Японияда эң кары киши макамын алган жаран 113 жашында каза болду

Дүйнөдөгү эң улгайгандардын тизмесинде 30-орунда турган Япониянын тургуну каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, 113 жаштагы Масадзо Нонака Хоккайдо аралындагы Асёро кыштагынын жашоочусу болгон. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарын неберелеринин жанында өткөргөн.

Масадзо Нонака 2018-жылдын апрель айында "Гиннесстин рекорддор китебине" эң кары киши макамы менен кирген. Эң улгайган жана узак жашагандардын арасында дүйнөлүк рекордду франциялык Жанна Луиза Кальман жасаган. Ал 122 жашында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umakg
2019-01-20 18:28:54
Бизгеда узак омур бактылуулук насип кылсын
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-01-20 19:01:18
Олум чындык.Олумдон корком.
+4
Beka1986
2019-01-20 22:05:25
Менин чон атам 111 жашында каза болду.Улуу Уркунду,Улуу Ата Мекендик согушту башынан откоргон.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан